Онлайн музыка кампаларын салыштыруу

Википедия дан

Онлайн музыка кампаларын салыштыруу - онлайн музыка сактоо кызматтарынын (Cloud Music Services; Булут музыка кызматтары) салыштырылышы. Бул жеке өзүнө таандык болгон же лицензияланган музыканы бир нече түзмөктөрдө угуу үчүн булутка жүктөп алуу мүмкүчүлүгүн берген интернет кызматтар.

Учурда үч чоң кызмат бар. Алар: Amazon Music, Apple'дын iTunes Match жана Google Play музыка кызматтары. Ар бири онлайн музыка дүкөндөрүн камтыйт (салыштырууну карагыла), башка музыка дүкөндөрүнөн сатып алынган музыка эс тутум чектөөлөрүнө эсептелбейт. Amazon.com менен Apple'дын жылдык акы төлөп алуучу кошумча сактоо жеринен тышкары башкы кошумча өзгөчөлүгү — "скандап дал келтир" кызматы. Бул компүтердеги музыка файлдарын текшерип, дал келген ырлардын көчүрмөсүн колдонуучунун музыка кампасына файлды жүктөп олтурбай эле кошуп коёт. Google ири көлөмдөгү сактоо жерин дагы, "скандап дал келтир" мүмкүнчүлүгүн дагы акысыз эле камсыз кылат.

Amazon 2011-жылдын март айынын соңунда булут музыка кампасын ишке киргизип, учурдагы маанилүү плеерлердин биринчиси болгон. Amazon Music эч кайсы жаңы музыка агымынын лицензиясын албастан ишке киргизилип, башкы үн жазуучу фирмалардын ачуусуна тийген. Google өз кызматын бир жарым айдан азыраак убакытта ишке киргизип, ал дагы эч кандай лицензия алган эмес. Apple башкы үн жазуучу компаниялар менен жаңы лицензия боюнча соодалашып, Google'дын кызматтары ишке киргенден алты айдан кийин өз кызматы ишин баштаган. Amazon жана Google өздөрүнүн "скандап дал келтир" кызматын колдонууга бергенге чейин акырында лицензиялар боюнча соодалаша алышкан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]