Он-Арча

Википедия дан
Он-Арча
Мүнөздөмө
Узундугу 75 км
Суу агымы
Аягы Нарын дарыясы
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Нарын району

Он-Арча - Нарын районундагы суу, Нарын дарыясынын оң куймасы. Узундугу 75 чакырым, аянты 1570 чарчы метр. Башкы агымы Солтон-Сары жана Көк-Торпок деп аталат. Солтон-Сары, Кара-Жорго жана Капка-Таш кырка тоолорунан, Көк-Торпок, Нура тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат.

Булак (46,2%), мөңгү (27,4%), кар (24%) сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 9,92 м/сек.

Эң көп чыгымы теке-кулжа айларында, азы бештин-бирдин айындарында байкалат. Чын куран айыныда кирип аяк оона айынында тартыла баштайт. Алабында аянты 10,6 чарчы чакырым келген мөңгү бар. Ири куймалары Оттук (км), Эчки-Башы 21 чакырым. Сугатка пайдаланылат. Он-Арча ГЭСи Миң-Булак айылында жайгашкан.

Он-Арча суусунун боюнан байыркы таш доорунда Ички Теңир-Тоодо жашаган кишилердин эмгек куралдары табылган.

Бул чакан дарыянын аталышына негизденип, Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Он-Арча айыл аймагынын аталышы жаралган.

Он-Арча айыл аймагына Эчки-Башы жана Оттук кыштактары кирет. Совет доорунда бул эки кыштактын калкынын жамааттык чарбасы "Коммунизм" колхозу деп аталчу.