Оогон-Талаа

Оогон-Талаа, Базар-Коргон району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Оогон-Талаа
Оогон-Талаа
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Район Базар-коргон району
Координаттар 41°15′00″ с. ш. 72°58′48″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 2 943 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Оогон-Талаа (Кыргызстан)

Оогон-ТалааКыргыз Республикасынын Жалалабат облусун Базар-коргон районундагы айыл. Могол айыл округу составына кирет.

«Ачы» токой чарбасынын аймагында, Кара-Үңкүр менен Арстанбап сууларынын кошулган жериндеги тектирде, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 35 км түн.-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 71 км. Кыштак 1850-ж. пайда болгон. Калкы 2710 (2007); негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен да алектенет. Мөмө-жемишти кайра иштетүүчү чакан ишкана, «Байлык» АКы, «Ачы» керек-жарак коому, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануучу жана соода жайлары, чайкана, базарчалар иштейт. Орто мектеп, китепкана, оорукана, поликлиника, дарыкана, бала бакча, Маданият үйү, почта жана телеграф бөлүмдөрү бар. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатыры П. Т. Слюсаренко, Кыргыз Республикасынын эл артисти С. Далбаев туулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 2 943 киши.[1]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]