Оозантууга байланышкан шенимдер

Википедия дан

Оозантууга байланышкан ишенимдер
Жаны туулган баланы эмне менен оозандырса, анын өмүр жолу келечеги ошого жараша болот деген ишенимден улам ага байланыштуу ырым жырымдар пайда болгон. Наристени негизинен, май менен оозантышкан мал чарбачылыгы менен кесиптенген эл үчүн май эң мыкты азык болуп саналган. “Жебесе да май жакшы” деген макал бекеринен чыккан эмес. Майсыз тамактын ширеси да, сиңимдүүлүгү да болбойт эмеспи. Бир жакшы кабар угузган, же айткан кишини: “Оозуңа май!” деп алкаган. “Кулагыма майдай жакты” деген сөз да бар. Бөбөктү бөрүнүн шилекейи менен оозантуу ырымы да бар, анын максаты -баланын жаны бекем, дени сак, баатыр болуп чоңоюшу. Бул ишенимди тотемизм менен байланыштырууга болот, анткени бөрү –кыргыздар кадырлап келген жаныбарлардын бири. Кыргыздарда бөрү уруусу да бар. Борү бир эле кыргыздардын эмес, жалпы түрк, моңгол элдеринин тотеми болуп саналат. Жарык дүйнөгө келген чүрпөсүнүн дени сак, өмүрү узун болушун ата эне кандай кааласа, ошончолук денгээлде анын билимдүү, өнөрдүү болушун да эңсеген. Бөбөктү сагызгандын тили менен оозантуу шарты ошол максаттан келип чыккан. Мындай учурда бала бардык жан-жаныбарлардын тилин билип чоңоет деп ишенишкен.
Маалымат булагы, Мурзакметов. А. "Ырым жырымдар"