Оозеки драматургия

Википедия дан

Оозеки драматургия«Манас» эпосунун көпчүлүк бөлүгү каармандардын диалогдорунан жана монологдорунан түзүлгөн. Лирикалык чегинүүнүн, баяндоонун үлүшү азыраак Эпостун башкы түзүүчү күчү манасчынын баяны эмес, андагы каармандардын иш-аракети, алардын монолог, диалогдору болуп саналат (к. Монолог, Диалог). Себеби эпостогу диалогдордун өнүгүшү конфликтке негизделген да, окуялардын өнүгүшү да конфликт аркылуу көрсөтүлөт. Кейипкерлердин образдары да алардын иш-аракеттери аркылуу ачылат. «Манас» жалпысынан аягына чейин бир сюжеттен туруп, ал эпостун ичиндеги өз алдынча көптөгөн майда сюжеттерден түзүлөт. Ар бир сюжеттин башталышы, экспозициясы, чиелениши, окуясынын курч өнүгүшү, окуянын өнүгүп жеткен чеги жана аякташы бар. Бул окуянын аякташы экинчи окуянын башталышы болуп эсептелет. Ар бир эпизоддун сюжети драматургиянын закондоруна ылайык өнүгөт. «Манастагы» баяндоолор оозеки ремарканын милдетин аткарат. Ал түгүл оозеки стенографиянын милдети жүктөлгөн баяндоолор да бар. «Манас» пайда болгон күндөн тартып жазма негизге ээ болбой эл ичинде оозеки өнүгүп, жашап келгендиктен аны оозеки драма деп мүнөздөөгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4