Мазмунга өтүү

Оператордук искусство

Википедия — ачык энциклопедия

Оператордук искусство – чыгармачылыктын кинематографияга таандык түрү; киного тартуу методу аркылуу режиссёр жана сүрөтчү менен бирге фильмдердин сүрөттөчү формаларын жаратуу өнөрү. Оператордук искусствонун жардамы менен чыгарманын мазмуну жана идеясы ачылат, кинодраматург менен режиссёрдун ою жүзөгө ашат. Бул өнөрдүн сүрөттөө каражаты – кадр. Анда предмет же көрүнүш, алардын майда бүлөкчөлөрү ийкемдүү көркөм форма менен көрсөтүлүп, мимика, ишарат, ар кандай кыймыл фильмдин композициясына ылайык чоңойтулуп же жөнөкөй формада көрүүчү окуяга аралаш жүргөндөй ынамдуу тартылат. Оператордук искусствонун пайда болушу жана калыптанышы кино искусствосунун өнүгүшүнө тыгыз байланыштуу. Ал өнөр адегенде «жандуу фотографиялар» түрүндө болсо, кийин кыймылдуу кинонун көп жаңы ыкмалары чыгармачылык менен өздөштүрүлүп, көркөм бийиктикке жеткирилди. Оператордук искусствонун мыкты үлгүлөрүнө «Броненосец “Потемкин”» (оператор Э. К. Тиссэ), «Эне» (оператор А. Д. Головня), «Чапаев» (оператор А. И. Сигаев), «Максим жөнүндө үчилтик» (оператор А. Н. Москвин), «Каркыралар учуп баратат» (оператор С. П. Урусевский), «Согуш жана тынчтык» (оператор А. А. Петрицкий), «Азат кылуу» (оператор И. М. Слабневич) фильмдерин мисал келтирүү болот. Кыргызстанда оператордук искусствонун өнүгүшүнө К. Кыдыралиев, М. Мусаев, Ю. Герштейн, Н. Борбиев, М. Туратбеков ж. б. салым кошту.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]