Оператордук өнөр

Википедия дан

Оператордук өнөр — чыгарачылыктын кинематографияга таандык түрү; киного тартуу методу аркылуу режис­сёр жанa сүрөтчу менен бирге фильмдердин сүрөттөөчү формаларын жаратуу өнөрү.

Оператордук өнөрдүн жардамы менен чыгарманын мазмуну жанa идеясы ачылат, кинодраматург менен режиссёрдун ою жүзөгө ашат. Бул өнөрдүн сүрөттөө каражаты — кадр. Анда предмет же көрүнүш, алардын майда бөлүкчөлөрү ийкемдүү көркөм форма менен көрсөтүлүп. мимика, ишаарат, ар кан­дай кыймыл фильмдин композициясына ылайык чоңойтулуп же жонөкөй формада көрүүчү окуяга аралаш жүргөндөй ынанымдуу тартылат.

Оператордук өнөрдүн панда болушу жанa өнүгүшү кино өнөрүнүн калыптанышына тыгыз байланыштуу. Ал өнөр адегенде «жандуу фотографиялар» турүндө болсо, кийин кыймылдуу кинонун коп жаңы ыкмалары чыгармачылык менен өздөштүрулүп, көркөм бийиктик­ке жеткирилди.

Кыргызстанда Оператордук өнөрдүн өнүгүшүнө К. Кыдыралпев, М. Му­саев, Ю. Герштейн, Н. Борбиев, М. Туратбеков ж. б. салым кошту.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.