Операциялык эсептөө

Википедия дан

Операциялык эсептөө – математикалык анализдин ыкмаларынын бири. Айрым учурда бул ыкма менен татаал матем. маселени жөнөкөй эрежелерге таянып чыгарууга болот. О. э. механикада, автоматикада, электр-техникасында көп колдонулат. Изилденүүчү функцияны (оригиналды) андан алынган башка функция (сүрөттөлүшү) менен алмаштыруу идеясы О. э. ыкмасынын негизи катары алынат. Мындай алмаштырууда Р=d/dЕ дифференциялоо оператору алгл. чоңдук катары интерпретацияланат (түшүндүрүлөт). Натыйжада кээ бир сызыктуу дифференциялдык теңдемени интегралдоо жана математикалык анализдин бир катар маселесинин чыгарылышы жөнөкөй алгебралык маселенин чыгарылышына келтирилет. Операциялык эсептөөнүн өнүгүшүнө англиялык математик О. Хевисайд көп салым кошкон (1892). Ал Р=d/dt оператору менен чыгаруунун жана бул оператордон алынган кандайдыр бир функцияны чыгаруунун формалдуу эрежелерин сунуш кылган. Ал операциялык эсептөөнү колдонуп, электр-динамика боюнча бир катар маселелерди чыгарган. Бирок О. Хевисайд операциялык эсептөөнү математикалык далилдөө менен негиздеген эмес. Операциялык эсептөө П. Лапластын интегралдык өзгөртүп түзүүсү боюнча негизделген. Бул теория боюнча орус математиги М. Е. Ващенко-Захарченконун «Символдук эсептөө жана аны сызыктуу дифференциялдык теңдемесин интегралдоодо колдонуу» деген эмгеги чыккан (1862). Мында операциялык эсептөөнүн негизги маселелери жазылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]