Мазмунга өтүү

Операция (аскердик)

Википедия — ачык энциклопедия

Операция (аскердик) – максаты, мезгили, оруну жагынан макулдашылып, өз ара тыгыз байланышкан, бир план боюнча куралдуу күчтөрдүн бир же бир нече түрүнүн операциялык же стратегиялык милдет аткарууга багытталган соккусунун, салгылашынын, чабуулунун жыйындысы. Кургакта, деңизде, абада жана аба десанттарында жүргүзүлөт. Операция чабуул коюу менен да, коргонуу менен да жүргүзүлүп, мезгили боюнча бир убакта же удаалаш ишке ашырылат. Катышкан куралдуу күчтөрдүн түрүнө жараша стратегиялык, фронттук, флоттук жана армиялык операция деп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]