Опол, опол-тоо
Опол, опол-тоо — топоним . Эпосто адегенде Манастын бабасы Ногойдун ордосу турган, андан кийин Ороздунун он уулу мекендеген жер катары сүрөттөлөт.
Чоң атаң аты Ногой деп,
Каратып турду Кашкарды,
Кара-Шаарга жеткенче
Кан атаң Ногой башкарды.
Санатын алган Сары-Колду,
Ага самаган душман сап болду.
Ордо кылган Ополду,
Дан-Дүн тоонун оюна
Далай журтун которду (Сагымбай Орозбаков , 1.117).
Орозду кандын он уулу
Опол-Тоо калган жерине,
Ойрон калган бай Жакып
Ногойдун келбей жерине (Сагымбай Орозбаков, 1.50).
Опол-Тоо деп илгеркилер Сарыкол менен Жаркендин ортосундагы бүткүл Түркстан аймагындагы эң бийик тоо кыркаларын атаган болуу керек. Анын азыркы наамы — Мустагата.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4