Оптикалык нурлануу

Википедия дан

Оптикалык нурлануу – толкун узундугу 1 нмден 1 ммге чейинки диапазондогу электр-магниттик толкундар. Оптикалык нурланууга адамдын көзү кабыл алуучу көрүнгөн жарыктан башка инфракызыл жана ультракызгылт көк нурлануулар кирет. Оптикалык нурлануунун толкун касиети жарык дифракциясында, интерференциясында, уюлдануусунда (полярлануусунда) байкалат. Ошондой эле көп кубулуштар корпускулалык бөлүкчөлөр болгон фотонду колдонуу менен түшүндүрүлөт. Оптикалык нурлануунун мындай толкундук, корпускулярдык касиети кванттык механикада каралат. Оптикалык нурлануунун вакуумдагы таралуу ылдамдыгы (формула) оптикалык нурлануу атом жана молекулалардын нурлануусу (жылуулук нурлануусу, люминесценция), спектрдик курамдын бир тектүүлүк даражасы (монохроматтык, монохроматтык эмес), электр жана магнит векторлорунун багытталыш тартиби (сызыктуу, айлана жана эллипс боюнча уюлданган), нурлануу агымынын чачырашы (багытталган, диффузиялык) ж. б. түрлөргө бөлүнөт. Нерсенин бетине түшкөн жарык чагылат, жутулат жана кандайдыр бир бөлүгү андан өтөт. Жутулган жарык нерсенин ички энергиясын көбөйтөт. Оптикалык нурлануу фотоэффект, фотолюминесценция кубулуштарын жана фотохимиялык реакцияларды пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]