Оптикалык нурлануунун булагы

Википедия дан

Оптикалык нурлануунун булагы (жарык булагы) – энергиянын ар кандай түрлөрүнөн 1011 Гцтен 1017 Гцке чейинки жыштык диапазонундагы электр-магниттик толкундарды жаратуучу приборлор (булактар).

Булар вакуумда бир нече мм ден бир нече нм ге чейинки узундуктагы толкундарга туура келет. Табигый Оптикалык нурлануунун булагы – Күн, жылдыздар, атмосферадагы электр разряддары жана айбанаттар менен өсүм-дүктөр дүйнөсүнүн люминесценция кубулушун пайда кылуучу объектилер.

Жасалма Оптикалык нурлануунун булагы өтө көп. Аларды оптикалык диапазондогу электр-магниттик нурланууну пайда кылуучу процесстер боюнча ажыратат. Оптикалык нурлануунун булагы когеренттүү жана когеренттүү эмес болушат (к. Когеренттүүлүк). Убакыт жана мейкиндик боюнча когеренттүүлүк касиеттерине лазерлер гана ээ. Башка Оптикалык нурлануунун булагы когеренттүү эмес нурланууну беришет. Жасалма Оптикалык нурлануунун булагы нурлануулардын түрү, пайдаланган энергиянын теги, эксплуатациялоо мүнөзү жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүнүшөт. Оптикалык нурлануунун булагы – кызытма электр лампалары, абсолюттук кара нерселер, газ менен ысытуучу нурланткычтар ж. б. Булардын спектрлери туташ, ал спектрдик контурлардын максимумунун абалы заттын температурасына көзкаранды: температура жогорулаганда нурлануу энергиясы көбөйүп, контурдун максимуму кыска толкундар тарапка жылат. Мис., 500°С ге чейин ысытылган электр лампасындагы вольфрам зымынын спектринде кызыл жарык болот. Вольфрамдын температурасы жогорулатылса, спектрдин калган участкалары кезеги менен пайда болот. Температура 2000° С кезинде туташ жана толук спектр алынат. Белгилүү шартта жылуулук Оптикалык нурлануунун булагы жарык эталону катары пайдаланылат. Люминесценттик Оптикалык нурлануунун булактарында газдар жана катуу заттар аркылуу электр тогу өткөндө пайда болгон люминесценция кубулушу колдонулат. Газдардагы электр разряддарын пайдаланып, түрдүү газ-разряддуу Оптикалык нурлануунун булагы жасалат. Газ-разряддуу Оптикалык нурлануунун булагынын көпчүлүгүнүн чыгаруу спектрлери сызыктуу болот. Лазер техникасында, жарык локациясында импульстук Оптикалык нурлануунун булагы колдонулат. Электр-люминесценция жана электр-хемилюминесценция кубулуштарынын негизинде электр-магниттик энергияны жарыкка айландырып, Оптикалык нурлануунун булагын жасоого болот. Электр-люминесценциялык Оптикалык нурлануунун булагы турактуу токтун тизмегине кошулган, өтмөсүнө мүнөздүү электр-люминесценция инжекциясынын таасири менен жарык пайда болот (к. Жарык диоду). Катод-люминесценттик Оптикалык нурлануунун булагында люминофор тез электрондор менен дүүлүктүрүлөт. Радиоизотоптуу Оптикалык нурлануунун булагында люминесценция кээ бир изотоптордун радиоактивдүү ажыроолорунда кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]