Органикалык айнектер
Органикалык айнектер — органикалык полимерден алынган оптикалык ту-нук, катуу материалдын техникалык аты. О. а. метилметакрилатты полимерлөөдөн алынат. Реакция ар түрдүү инициатордун катышуусунда жылмаланган силикат айнектен жасалган формаларда жүргүзүлөт. Полиметилметакрилат айнеги түссүз же боёлгон түрдө, тунук же тунук эмес, пластификацияланган же пластификацияланбаган жука, блок жана башка түрүндө чыгарылат. О. а. метилметакрилат, ацетон, дихлорэтан, бензол, уксус к-тасы жана башка органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Алар сууга щелочторго, органикалык эмес к-талар суудагы эритмесинде жана абага туруктуу, бензин жана башка майларда инертүү. Концентрацияланган күкүрт, азот, хром жана суюлтулган суутек фториди к-таларында касиетин өзгөртөт. О. а. кадимки эле металлды иштетүүчү тетиктер менен оңой иштетилет, оңой жылмаланат, желимденүүгө жөндөмдүү. Азыркы мезгилде бекемдиги өтө жогору болгон О. а. алуунун ыкмасы табылган. О. а. курулушта, авиация, автомобиль, кеме куруу өнөр жайында айыл чарбада, медицинада жана башка колдонулат. Полиметилметакрилат эмульсиясы женил өнөр жайында жытсыз, жарыкка туруктуу, көпкө чыдаган лактарды алууда да колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6