Ориентация (математикада)

Википедия дан

Ориентация (математикада) (фр. оrientation, сөзмө-сөз – чыгышка багыт алуу, лат. oriens – чыгыш) математикада – түз сызыкта же ар кандай геометриялык фигураларда кыймылдуу чекиттин кыймыл багыты жөнүндөгү түшүнүк. Түз сызыкта (сан огунда) чекит эки карама-каршы багыт боюнча, белгиленген чекиттен (координата башталмасынан) оң же сол жакты көздөй жылат. Демек, берилген түз сызык (сан огу) ориентацияланган болот. Ал чекит оң жакка жылса – оң, сол жакка жылуусу – терс ориентацияланат. Тегиздиктеги туюк ийри сызыктын ориентациясы катары өзгөрмөлүү чекиттин аны айлануу багыты алынат. Туюк ийри сызык өзүн өзү кеспестен, тегиздиктин чектүү бөлүгүн курчайт. Эгерде өзгөрмө чекит туюк ийри сызыкта саат жебесинин багытына карама-каршы багытта айланса же тегиздиктин чектүү бөлүгү сол жагында болсо, анда ийри сызык оң ориентацияланган, ал эми өзгөрмө чекит туюк ийри сызыкты саат жебесинин багыты боюнча айланса же тегиздиктин чектелген бөлүгү оң жагында болсо, ал терс ориентацияланган болот. Ориентация түшүнүгү тегиздикте жайгашкан жалпак фигуранын аянтын эсептөөдө, математикалык физиканын четки маселелерин чыгарууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]