Оркун

Википедия дан

Оркунтопоним. «Манас» эпосунда күн чыгыш тараптагы чоң дарыя. Орго кан менен урушуу үчүн Манас баатыр О. дайрасынын боюн жердеген элден да кол курап алып келе жатканын Оргого Култаң аяр кабарлайт.

Алтайдагы кыргыздар

Аты Манас бирөө бар,

Оркундун улуу суусунан

Улуу черүү алыптыр,

Токтоктун Кара-Тоосунан

Толгон аскер алыптыр (Сагымбай Орозбаков, 2. 74).

Алтайга сүрүлүп барган кыргыздар атабабасы туулуп өскөн жери Ала-Тоого көчкөн учурда казактардын Айдаркан уулу Көкчөнүн эли «Улуу-Тоонун оюнан Оркун дарыя боюнан» (Сагымбай Орозбаков, 2. 159) көчүп чыгышат. Географиялык реалияда О. мурунку Жунгариянын Тарбагатай тоосунан башталган Орху (Оркун) өзөнүнө туура келет. Ошондуктан, «Оркун, Эртыш — эки суу, Калмактын жайы мына бу» деп, Калмактын мурунку мекени Жунгарияны туюндуруп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4