Орку кула бээ

Википедия дан

Орку кула бээ «Манас» эпосундагы Ороңгунун жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта байгеге чабылып, алтымышынчы болуп келген (Сагымбай Орозбаков , 3. 268). Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Оргу-шаргы Кула бээ» (Саякбай Каралаев, 2. 55) Көкөтөйдүн ашында Көкбөрүнүн Куу-Казыгынан кийин марага келет. Валиханов жазып алган эпизоддо «Орку кула бээси бар, Ороңгу катын ээси бар» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 77-б.), — деп Ороңгунун аты экендиги айтылат, к. Кула бээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4