Кирилл Орловский

Википедия дан
Орловский, Кирилл Прокофьевич‎»‎ барагынан багытталды)

Орловский, Кирилл Прокофьевич [18(30). 1. 1895, — 13. 1. 1968] — Белоруссияда партизан кыймылыкын жетекчилеринин бири.

  • Колхоз өндүрүшүнүн уюштуруучусу, Советтер Союзунун Баатыры (1943), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958).
  • 1918-жылдан КПСС мүчөсү. Биринчи дүйн. согуштун (191418) катышуучусу, 1918-ж. июнда партиянын тапшырмасы боюнча немец баскынчыларына каршы партизандык отряд түзгөн. Ком-составдын курсун бүткөн.
  • 192025-ж. Батыш Белоруссияда партизандык топторду жетектеген.
  • Коммунисттик жог. окуу жайын (комвуз) бүтүргөн (1930).
  • 1937—38-ж. Испаниядагы гражд. согуш убагында күжүрмөн тапшырма аткарган, андан соц СССР ички иштер эл комиссариатынын органдарында иштеген.
  • 194243-ж. Ба­рановичи обл-нын аймагында «Шумкарлар» партизандык кыймылын же­тектеген.
  • 194344-ж. Белоруссиянын мамл. коопсуздук эл комиссариатында иштеген.
  • 1945-жылдан БССР Моги­лёв обл-нын Киров р-нундагы «Рас­свет» колхозунун пред-ли, анын жетекчилиги менен колхоз өлкөдөгү алдыцкы чарбага айланган.
  • КПССтин 20, 22 23 - съезддеринин делегаты.
  • СССР Жог. Советинин (3—7-шайл.), БССР Жог. Советинин (2-шайл.) депута­ты.
  • КПСС БКнын мүчөлүгүнө кан­дидат (195661).
  • Белоруссия КП- нин 19—26-съезддеринде Белорус­сия КП БКга мүчө болуп шайланган.
  • Беш Ленин ордени, Кызыл Туу, БССРдин Эмгек Кызыл Туу ордени жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.