Мазмунга өтүү

Орозалиев Нуркул

Википедия — ачык энциклопедия

Орозалиев Нуркул (1848, азыркы Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылы - 1944, ошол эле жер) - совет бийлигин орнотуу үчүн басмачыларга каршы күрөшкөндөрдөн.

1900-21-жылдары Ала-Бука-Касан-Сай дарыясы боюнча мураб башы, 1921-жылы басмачыларга каршы ыктыярдуу кошуун түзүп, анын команири болгон. Ала-Бука, Чаткал аймактарынан чыккан Акматбек, Жакыпбек, Баястан, Султан, Аман-палван, Алибай ала мойнок ж.б.жетектеген басмачыларга каршы күрөшүп, Жакыпбек, Аман палван (З00дөн ашык жигиттери менен), Баястан корбашылардын тобун жок кылган. СССР Реввоенсоветинин “Ардак грамотасы”, атайын ысмы жазылган тапанча, Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6