Орозбаев Асилбек Канаевич
Көрүнүш
Орозбаев Асилбек Канаевич (10.9.1961-ж.т., Ош облусу, Кара-Суу району, Мады айылы) - райондун ардактуу атуулу.
Фрунзе политехникалык институтун бүткөн. 1985-98-жылдары Жалал-Абад СМУда мастердин жардамчысы, 1 категориядагы мастер, улуу прораб, бөлүмдүн начальниги, 1998 2005-жылдары ПЛУАД-6 ишканасынын маркетинг боюнча 1 категориядагы инженери, башкы адиси,2005-07-жылдары начальниги, 2008-10-жылдары башкы инженер, 2010-жылдан начальниги. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин, облустук “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6