Орозду

Википедия дан

Орозду«Манас» эпосунун “Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Ногойдун Орозду, Үсөн, Бай, Жакып деген төрт уулу болгон. Кытай мамлекети буларды туш-тушка сүргөндө О. иниси Бай менен Ополду жердешет (Сагымбай Орозбаков, 1. 33, 93). О-нун он уулу ээнбаш, ынтымаксыз болуп О-ну гана беймаза кылышпастан, Байдын балдары Бакай менен Тайлакты убарага салып, малын тартып алышат. Биринин башын бири жарып кан алдына барышат да, Байдын балдарынын малын айдап берип чууну басышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 91). О. балдарынын убайымын тартып:

Балдарынын согушунан

Орозду карып каң болгон

Бат урушкан дартынан

Кайгыга каркап толгону

Бек эле бейпай болгону,

Балдарынын дартынан

Мээнетке каркап толгону,

Орозду жүрөт ой-бай деп,

Ойроттун калың чагында

Ошондо өлүп койбой деп (Сагымбай Орозбаков, 1.206) жүргөнүн Бай өз баянында агасы Жакыпка айтып берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 190—193).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4