Орозобеков, Султангазы Бакир уулу

Википедия дан

Орозобеков, Султангазы Бакир уулу (03.03.1952 - 16.06.2008) – кыргыз дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Султангазы Орозобеков 1952-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жылуу-Булак айылында төрөлгөн.

1974-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Ошол жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин медицина тармагындагы илимий изилдөө менен турмуштагы ишин айкалыштыра иштеди.

1981-жылы медицина илимдеринин кандидаты, 2004-жылы медицина илимдеринин доктору деген илимий даражага ээ болду.

Анын иш менен илимди айкалыштырган изилдөөлөрүнүн негизинде тубаса эрди жырык жана таңдайы жок төрөлгөн жүздөгөн наристелердин багы ачылып, сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал эми “Адамдын жаак бетиндеги кыймылдаткыч булчуңдардын кемчилдиктери менен жабырланган этти калыбына келтирүүдө аутоаллогендик трансплантанттарды колдонуу” деген тема менен 2004-жылы жактаган докторлук диссертациясынын негизинде көптөгөн адамдардын жүзү калыбына келтирилген,

Адамдын жүзүндөгү мүчүлүштүктөрдү калыбына келтирген ондогон операцияларынын негизинде 80ден ашуун илимий эмгек жазып, жаак беттин сөөгүн калыбына келтирүү боюнча илимий монография жаратып, алардын автору катары илимий ачылыштын патентин алган.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал жалпы кесиптештеринин ишмердүүлүгүн багыттап, алардын илимий жана практикалык иш-аракеттерин, мол тажрыйбасын аймактык жана эл аралык деңгээлде таанытуу максатында коомдук уюмду түзүүнүн демилгечилеринен болду.

Кыргызстандын стоматологдорунун кесиптик ассоциациясын (жамаатын) түзүп, аны өмүрүнүн акырына чейин башкарды.

Бул жамааттын курултайлары пост-советтик кыргыз стоматологдорунун тарыхындагы ири окуялардан болуп келди. Бул жамаат чет өлкөлүк башка уюмдар менен да ырааттуу кызматташып, кыргызстандык жаш стоматолог окумуштуулардын Европадагы, КМШдагы жана башка эл аралык илимий жыйындарга катышуусуна, адис катары калыптануусуна жана жаңы сереге көтөрүлүшүнө олуттуу өбөлгө түздү.

Султангазы Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин стоматология боюнча аттестациялык комиссиясынын төрагасы, стоматологдордун бүткүл дүйнөлүк уюмунун мүчөсү жана Борбор Азияда чыгуучу “Стоматология” аттуу медициналык журналдын редакциялык коллегиясынын мүчөсү катары Кыргызстандын стоматология илимий тармагынын өнүгүшүнө салым кошту,

Анын ажарын ачкан дагы бир жагдай – интеллектуал катары кыргыз маданиятына, тарыхына кызыгып, Кыргызстандын демократиялык жолдо өнүгүүсүнө ынтызар болгондугу эле. Анын жакын чөйрөсүндө интеллектуалдык баарлашуулар байма-бай жүрүп, ар кыл адистикти аркалаган замандаштары өзүнчө эле билимкөйлүк очогунда жылынып отургандай сезишээр эле.

Дарыгер, агартуучу жана коомдук ишмер Султангазы Орозобеков 2008-жылы 16-июнь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Сөөгү Бишкектин жанындагы Байтик айылынан түндүгүрөөккө коюлду.