Орозова Гүлбара
Орозова Гүлбара (20. 11. 1957-ж. туулган, Тажикстан, Жерге-Тал району, Кара-Шоро айылы) – адабиятчы, фольклорчу, КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004), филология илимдеринин кандидаты (2000), доцент (2011). 1978-ж. В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер пединститутун бүтүргөн. Эмгек жолун 1978-ж. мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1982–90-ж. Кыргыз мамлекеттик борбордук архивде архивчи, улук архивчи, КР УИАнын азыркы Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер (1990–92), Кол жазмалар фондусунун башчысы (1992–94), Фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүндө илимий кызматкер (1995–98), окумуштуу-катчы (1998–2001), кайрадан улук илимий кызматкер (2001–09), 2010-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер. Орозова – «Түрк элдеринин поэмалары: тарыхый процесс жана эпикалык байланыш» (2000), «Кыргыз балдар фольклорунун жанрдык курамы жана поэтикасы» (2003), ошондой эле 80ге жакын илимий, илимий-методикалык эмгектердин автору, анын ичинде 2 монография, «Кыргыздардын улуттук маданияты (байыркы доордон XIX кылымдын аягына чейин)» (2010) деген окуу куралы бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7