Орозов Талантбек Базарбаевич
Көрүнүш
Орозов Талантбек Базарбаевич (9.5.1964-ж.т., Токтогул району, Торкен айылы) - коомдук ишмер.
- Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1987).
- 1981-82-жылдары Токтогул мамлекеттик атайын чарба башкармалыгында слесарь,
- 1987-92-жылдары инженери, гараж жетекчиси, мастерскойдун жетекчиси, башкы инженер,
- 1992-94-жылдары Токтогулдагы «Кыргызайылкомок» ишканасынын төрагасы,
- 1994-96-жылдары «Кайырма» АКсынын төрагасы,
- 1996-2003-жылдары Токтогул райондук жер жана агрардык реформа борборунун директору,
- 2003-05-жылдары Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими,
- 2005-07-жылдары Чаткал райондук,
- 2009-10-жылдары Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими,
- 2011-2013-жылдары «Чаарат ЗААВ» Жабык акционердик коомунун Чаткал району боюнча аймактык өкүлү болуп иштеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6