Мазмунга өтүү

Орта Азия Инвестмент Холдинг

Тема кошуу
Википедия — ачык энциклопедия
Орта Азия Инвестмент Холдинг
Негизделген жылы

Февраль, 2024

Жайгашкан жери

Кыргыз Республикасы

Өндүрүшү

Энергетика

Энелик компания

Ихлас Холдинг

Сайт

https://ortaasyainvest.com/

«Орта Азия Инвестмент Холдинг» ачык акционердик коому – Борбордук Азиядагы энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруучу инвестициялык компания.[1] Компания Ihlas Holding тобунун курамына кирет.[2][3]

2025-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Орта Азия Инвестмент Холдинг» ААКнын ортосунда Казарман ГЭСтер каскадын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Инвестициялык келишимге кол коюлган.[4] Долбоорго тартылуучу инвестициялардын жалпы көлөмү 3 миллиард АКШ долларын түзөт.[5][6]

2025-жылдын декабрь айында долбоорго Улуттук инвестициялык долбоор макамы ыйгарылган. [7] Hill International компаниясы долбоордун башкы стратегиялык консультанты болуп саналат.[8]

Долбоор Нарын дарыясында үч гидроэлектр станцияны курууну көздөйт: Ала-Буга ГЭСи, Кара-Булуң-1 ГЭСи жана Кара-Булуң-2 ГЭСи. Каскаддын жалпы орнотулган кубаттуулугу 912 МВт түзүп, орточо жылдык өндүрүшү 3,75 млрд кВт⋅сааттан ашат. [9]

2026-жылдын 25-июнунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында «Казарман ГЭСтер каскады» долбоорун расмий ишке ашыруунун башталышына карата мезгил кутусун салуу аземи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөрүлдү.[10][11]

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Ахмет Мүжахид Өрен. «Казарман ГЭСтер каскады» долбоорун расмий ишке ашыруунун башталышына карата мезгил кутусун салуу аземи.

Колдонулган булактар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. «Орто Азия Инвестмент Холдинг» начал подготовку энергопроектов в Кыргызстане (орусча). Economist.kg (11 -февраль (бирдин айы) 2026).
  2. Orta Asya Investment Holding (англ.). Orta Asya Investment Holding.
  3. Orta Asya'ya büyük enerji: İhlas Holding ile Kırgızistan Hükûmeti nihai imzaları attı (түрк.). Türkiye Gazetesi (2 -август (баш оона) 2025).
  4. İhlas Holding'den Kırgızistan'da dev yatırım (түрк.). İhlas Haber Ajansı (İHA) (2 -август (баш оона) 2025).
  5. В Минэнерго состоялась рабочая встреча по проекту Казарманского каскада ГЭС (орусча). Bishkek.media.
  6. Türkiye's Orta Asya Investment Holding's hydropower project in Kyrgyzstan to support regional energy transformation (англ.). Anadolu Agency (26 July 2025).
  7. Реестр инвестиционных соглашений (орусча). Министерство экономики и коммерции Кыргызской Республики.
  8. Строительство ГЭС в Кыргызстане: ЕАБР и Orta Asya Investment Holding объединяют усилия для развития гидроэнергетики (орусча). Евразийский банк развития (23 -октябрь (тогуздун айы) 2025).
  9. В Министерстве энергетики состоялась рабочая встреча по проекту Казарманского каскада ГЭС (орусча). Министерство энергетики Кыргызской Республики.
  10. Президент дал старт строительству каскада Казарманских ГЭС (орусча). Национальная телерадиовещательная корпорация Кыргызской Республики (ЭЛТР) (25 -июнь (кулжа) 2026).
  11. Президент Садыр Жапаров дал старт строительству Казарманского каскада ГЭС (орусча). Администрация Президента Кыргызской Республики (25 -июнь (кулжа) 2026).