Ортолук кырка тоосу

Википедия дан

Ортолук кырка тоосу, Батыш кырка тоосу – Камчатка жарым аралындагы башкы суу бөлгүч тоо. Узундугу 1200 км. Эң бийик жери 3621 м (Ича сопкасы – аракеттеги жанартоо). Кристаллдык сланец, гнейс, кумдук жана жанар тоо тектеринен түзүлгөн. Тоо тизмектерден жана лавалуу платолордон турат. Өчкөн жанартоолор көп. Мөңгүлүү (жалпы аянты 866 км2). Капталдарынын этектеринде ак таш кайың, бал карагай жана ольха, андан жогору тоолуу тундра өсүмдүктөрү өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]