Ортопедиялык аппараттар

Википедия дан

Ортопедиялык аппараттар - адамдын таяныч жанa кыймылдаткыч аппараттарынын деформациясын жана майып болушун дарылоого жана ал­дын алууга ыңгайлаштырылган ар түрдүү тех. аппараттар.

  • Аларга шак-шак, протез, ж. б. атайын аппарат­тар кирет. Ортопедиялык аппараттар кармап туруучу — муун кыймылын токтотуучу же азайтуучу (туторлор жана шарнирлүү ап­параттар) ;
  • жеңилдетүүчү — дене салмагын ооруган жерге эмес, жогору соо жерге түшүрүүчү (Томас аппа­раты);
  • деформацияга учураган дене бөлүгүн коррекциялап оңдоочу (корсеттер, ортопедиялык бут кийимдер);
  • компрессия — диетракциялоочу (кол, буттун кийин пайда болгон жана тубаса деформациясын түзөтүүчү) ап­параттар болуп бөлүнөт.
  • Деформа­цияга сөөктү кесип түзөтүүдө жана бириктирүүдө остеотомдор, электр араалары, мык, пластинка, винттер, полимерден жана металлдан жасалган протездер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.