Орто Азия мөңгүлөрү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Орто Азияда мөңгүлөрдүн каптаган аянттары боюнча көрүнүктүү орунду Чоң-Алай кырка тоосу ээлейт. Чоң-Алай кырка тоосунун абсолюттук бийиктиги 7139 м ге чейин (Ленин атындагы чоку) жетет, борбордук бөлүгүнүн орточо бийиктиги 6000 м ден ашык. Мындай бийиктиктердин натыйжасында кырка тоонун кырлары жана ага жакын капталдары туташ мөңгү, түбөлүк эрибеген карлар менен капталган. Ал кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 1329,3 км2 ге жетет, б.а. Кан-Тенир тоо тоомунун мөңгүлөрүнүн аянтынан калышпайт. Алардын ичинен түндүк капталында, башкача аайтканда Кыргызстандын аймагында таралган мөңгүлөрдүн аянты 697,5 км2.