Орузбаев, Кубанычбек

Википедия дан
Орузбаев Кубанычбек

Орузбаев Кубанычбек (1949-ж. т., Түп району, Талды-Суу айылы) — авиациянын генерал-майору (1992). Техника илимдеринин кандидаты (1990).
1967-ж. Орджоникидзе шаарындагы Кавказ Кызыл Туу ордендуу Суворов аскер окуу жайын, 1972-ж. Киев аскер инженердик авиациялык жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен бүткөн.
1972—89-ж. аскер аба күчтөрүндө ар кандай кызматтарда иштеген.
1989—91-ж. Йемен Элдик Демократиялык Республикасында аскер кеңешчиси боюнчa кызмат кылган.
1991—93-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Коргоо иштери боюнча комитеттин терагасынын биринчи орун басары.
1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук «Кыргыз аба жолдору» авиакомпаниясынын президенти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын, Кыргыз мамлекеттик куралдуу күчтөрүн уюштурууга катышкан. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.