Орусиянын жана Чыгыштын бүткүл мусулман эмгекчилерине

Википедия дан

Орусиянын жана Чыгыштын бүткүл мусулман эмгекчилерине ― мусулман калкы карманган үрп-адат, салт-санаа, улуттук жана маданий-диний мекемелеринин эркиндигин жана кол тийбестигин жарыялаган Совет өкмөтүнүн кайрылуусу. Ал 1917-ж. 22-ноябрда жарык көргөн. Анда орус элинин атынан «бүт дүйнөнүн эзилген элдерин эркиндик үчүн күрөшүнө» тилектеш экендигин билдирип, Орусия мусулмандарынын, Волга жана Крым татарларынын, Сибирь жана Түркстандагы кыргыздар менен сарттардын, Түштүк Кавказдагы түрктөр менен татарлардын, Кавказдагы тоолуктар менен чечендердин, төбөлдөр жана эзүүчү тап тарабынан укугу тебеленгендердин улуттук салты, сыйынган динине эркиндик, кол тийбестик берилгенин жарыялаган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]