Орус-Булак брекчия тоотеги кени
Орус-Булак брекчия тоотеги кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кан шаарынан 7–8 км батышта, Орусбулак өрөөнүндө, деңиз деңг 200–1400 м бийиктикте. 1976-ж. изилденген. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар тектоникалык жараканы бойлой жайгашып, серпентиниттин майда сыныктарынан пайда болгон брекчиядан турат. Мында жашыл, кочкул жашыл түстөгү жана үбөлөнүп, майдаланган серпенгиниттердин арасында акиташ-серпентинит курамдуу брекчиялар чыгып жатат. Алардын аянты 2050–50200 м. Брекчия оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Жылмаланган бети жылтырак, кооз оймо-чиймелүү. Кочкул жашыл түстүү фонунда кызгылтым, жашыл жана күрөң такчалар кооз көрүнүп турат. Блоктуулугу 0,20,20,2 м. Болжол ресурсу 200 миң м3. Кооз майда буюмдарды жасоого болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7