Орус-Иран согуштары (18–19-к.)

Википедия дан

Орус-Иран согуштары (18–19-к.) – Закавказьеге үстөмдүк кылуу үчүн падышалык Россия менен Ирандын ортосунда болгон согуштар. 1722–1723-ж. Пётр I Россиянын түштүк чек арасын кеңейтүү максатында Персия жортуулун баштап, Азербайжан менен Дагстандын айрым бөлүгүн Россияга кошкон. 18-кылымдын аягында Иран Англия менен Франциянын колдоосуна таянып, Закавказьеге үстөмдүк кылуу үчүн Россияга каршы согуш баштаган. Натыйжада Россияга 1801-ж. Грузия (Картли жана Кахети), 1803-ж. Мегрелия, 1804-ж. Имерети жана Гурия кошулуп, 1804-ж. Гянжи хандыгы багындырылган. Бул 1804–13-ж-дагы орус иран согушуна алып келген. 1804-ж. 23-майда Иран Түштүк Кавказдан орус аскерин чыгарууну талап кылган. Бул талап орундалбагандан кийин 10-июнда Иран согуш баштаган. Согушта орус аскери жеңип, 1806-ж. Нух, Дербент, Баку жана Кубаны, 1808-ж. Эчмиадзин, Нахичеванды, 1813-ж. Ленкоранды алган. 1813-ж. октябрда Иран Гүлстан тынчтык келишимине кол коюуга мажбур болгон. Келишим боюнча Иран Дагстан менен Түндүк Азербайжандын Россияга кошулушун тааныган. Бирок Иран өкмөтү Англиянын тукуруусу менен тынчтык келишимди бузуп, Россияга кошулган аймактарды кайтарууну талап кылган. 1826-ж. 16-июлда Иран аскери согуш жарыялабастан, Россияга кол салган. Согуш эки жылга созулган. Орус аскерлеринин жеңиштүү чабуулунун натыйжасында Иран өкмөтү келишимге келүүнү өтүнгөн. 1828-ж. 10-февралда түзүлгөн Түркманчай келишими боюнча Эриван жана Нахичеван хандыктары Россияга кошулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]