Орус-япон согушу (1904–05)

Wikipedia дан

Орус-япон согушу (1904–05) – Ыраакы Чыгыш үчүн Россия менен Япониянын ортосунда чыккан согуш Анда империалисттик державалардын Корея менен Кытайды бөлүп алуу максатын көздөгөн. Япония 1894–95-жылдагы согушта Кытайды жеңип, Тайвань (Формоза) аралы, Пэнхулэдао (Пескадор жарым аралы) жана Ляодун жарым аралын каратып, Кореяга да өз таасирин күчөткөн. Бирок Франция менен Германия колдогон Россиянын кысымы менен Ляодун жарым аралынан баш тартууга мажбур болгондуктан, орус-япон мамилелери начарлаган. Манжурияны каратуу максатын көздөгөн падышалык Россия 1896-ж. Японияга каршы Кытай менен союздук келишим түзүп, Манжурияны басып алган. 1898-ж. аскер-деңиз базасын куруу максатында Кытайдан Порт-Артур (Люйшунь) жана Квантун жарым аралын ижарага алган. Англия менен АКШнын колдоосуна таянган Япония 1902-ж. Англия менен союздук келишим түзгөн. 1904-ж. 27-январга караган түнү япон флоту Порт-Артурдагы орус эскадрасына капыстан кол салып, орустардын «Варяг» крейсери жана «Кореец» кемеси чөктүргөн. 28-январда Япония Россияга согуш жарыялап, Манжурияга чыгууга жана Порт-Артурду курчоого мүмкүндүк алган. Порт-Артурду курчоо 157 күнгө созулган. Натыйжада согуш орус аскеринин жеңилиши менен аяктаган. 1905-ж. 23-августта Портсмут тынчтык келишими түзүлүп, Корея Япониянын көзөмөлүнө өткөн жана Порт-Артур менен Квантун обл-на болгон Россиянын ижаралык укуктары, Кытай темир жолунун Түштүк бутагы, Сахалиндин Түштүк аймактары Японияга өткөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]