Орус Улуттук драма театры

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Орус Улуттук драма театры Ч. Айтматов атындагы – 1935-ж. Фрунзе шаарында ачылган. Труппанын негизин Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөр институтунун бүтүрүүчүлөрү түзгөн. 1939жылдан 2008-ж. чейин Н. К. Крупскаянын ысмында болуп, 2008-ж. белгилүү залкар жазуучу Ч. Айтматовдун ысмы берилген. Орус Улуттук драма театры 1958-ж. кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн он күндүгүнө катышкан. Театрдын репертуарында: «Платон Кречет» (1935, А. Корнейчук), «Кирешелүү жай» (1936, А. Островский), «Любовь Яровая» (1937, К. Тренёв), «Ак сөөктөр» (1937, Н. Погодин), «Добул» (1938, А. Островский) «Егор Булычёв жана башкалар», «Мещандар», «Акыркылар» (1936, 1938, 1939, М. Горький) ж. б. пьесалар ийгиликтүү коюлган. Согуш жылдарында К. Симоновдун «Биздин шаардык жигит» (1941), «Орус адамдары» (1942), А. Корнейчуктун «Украина талаасындагы партизандар», В. Соловьёвдун «Фельдмаршал Кутузов» (1942), Л. Леоновдун «Жапырык» (1943), А. Чеховдун «Ваня таяке» (1945), «Алчалуу бак» (1953), «Үч эже-сиңди» (1967, 1993), А. Грибоедовдун «Акылдын азабы» (1943, 1975), У. Шекспирдин «Ромео жана Джульетта» (1948), «Гамлет» (1957), «Ричард III» (1965), Мольердин «Скапендин жооруктары» сыяктуу классикалык чыг-лары, Поповдун «Үй-бүлө», Н. Погодиндин «Мылтыкчан киши», «Кремль куранттары», «Үчүнчү патетикалык» ж. б. пьесалар коюлган. Кыргыз драматургдарынан К. Эшмамбетовдун «Сарынжы» (1941, 1958), К. Жантөшевдин «Эл ырчысы» (1951), О. Сарбагышевдин «Көкүл» (1944), Р. Шүкүрбековдун «Өрөөндөгү жарык» (1958), Т. Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт» (1962), М. Байжиевдин «Төрт адам» (1967), «Ар бир үйдө майрам» (1973), М. Тойбаевдин «Жоронун жоруктары» (1974) көрүүчүлөргө тартууланган. М. Фриштин «Андорра» (1993), ж. б. пьесалар да коюлган. 1988-ж. Москвада Ч. Айтматовдун чыгармасы боюнча «Кыямат» спектаклинин премьерасы өткөн. 2008-ж. Ч. Т. Айтматовдун 80 жылдык юбилейине карата улуу жазуучунун чыгармаларынан 2 жаңы премьера болуп өттү. Театр коллективи өлкөбүздүн көп шаар, айыл кыштактарында гастролдо болуп, эмгекчилерди идеялык-эстетикалык тарбиялоого, алардын рухий байлыгын арттырууга өз салымын кошууда. Труппада (1979) Кыргыз ССР эл артисти: Т. А. Варнавских, Г. Г. Каркоцкий, В. С. Офицеров, Л. Л. Ясиновский, М. Стряпкина, Э. Праг, А. Кулешов, К. Гурьева, В. М. Москалёв, С. Борисов, А. К. Адали ж. б. иштешкен жана иштешет. Башкы режиссёрлор: Г. Иванов, М. Маламуд, В. Панов, В. Пази; башкы сүрөтчүсү – Г. И. Белкин. Азыркы учурда режиссёрлор: Н. Асанбеков, М. Амираев; артисттер: эл артисти И. Москалев, Т. Стрельцова, С. Борисов, К. Адали, алардын катарында эмг. сиңирген арт. М. Амираев, М. Козукеев, Б. Тентимишев жана А. Галко, О. Дуссан, Е. Иванов, М. Жук, Т. Кошак эмгектенишет. Театр Эл Достугу ордени менен сыйланган (1975), Академиялык деген наам берилген (1988).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]