Мазмунга өтүү

Орус сүрөтчүлөр бирикмеси

Википедия — ачык энциклопедия

Орус сүрөтчүлөр бирикмеси – Октябрь революциясына чейинки, негизинен, реалисттик багыттагы сүрөтчүлөрдү, көбүнчө пейзажисттерди өз ичине камтыган Москвадагы ири көргөзмөлөр бирикмелеринин бири. О. с. б. көргөзмөлөрүндө А. Е. Архипов, А. М. Васнецов, С. А. Коровин, А. П. Крылов, С. В. Мамотин, Л. О. Пастернак, П. И. Петровичев, А. А. Рылов, А. С. Степанов, Л. В. Турханский, К. Ф. Юон жана башка эмгектери көрсөтүлгөн, алардан башка В. М. Васнецов, В. А. Серов, В. И. Суриковдор катышкан. Бул бирикме москвалык живописчилер тарабынан уюшулган жана петербургдук «Көркөм искусство дүйнөсү» бирикмесинен 1913-ж. андан О. с. б. деген ат менен жаңы иштей баштаган мезгилинде эле бөлүнүп чыккан. Бирикменин «Көркөм искусство дүйнөсү» менен болгон байланышы 1910-жылга чейин үзүлбөсө да, москвалык бирикме петербургдук бирикмеден декаденттик багыттарды таануусу менен принципиалдуу айырмаланган. Бирикменин мыкты сүрөтчүлөрү орус реалисттик мектебинин традицияларын баалашкан, реалисттик портретке жана улуттук орус пейзажына болгон кызыгуусун сактап калган. Бирок бирикменин кээ бир сүрөтчүлөрү өз чыгармачылыгында этюддук живописке ашыкча кызыгышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]