Орус эл аспаптар оркестри
Орус эл аспаптар оркестри – орус балалайкачысы В. В. Андреев тарабынан 1888-ж. уюштурулган эл аспаптар оркестри. Орус эл аспаптар оркестри Италияда илгертен колдонулуп келе жаткан неаполитан оркестрлерин үлгүсүндө уюштурулган. Учурда белгилүү эки оркестр В. В. Андреев атындагы жана Н. П. Осипов атындагы ар бир облустук филармонияларда бар.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7