Осака Университети
Осака Университети (жап. 大阪大学, Осака Дайгаку же 阪大, Хандай)- Жапониянын эң ири жогорку окуу жайларынын бири. 1869-жылы негизделинип, 1931-жылы Осака Императордук Университети катары ырасмий түрдө университет статусу ыйгарылган. Университет Осака префектурасынын Тоёнака, Суйта, Мино шаарларына жана Осака шаарынын Наканосима аймагына бардыгы болуп 4 кампусту жайгаштырган. Ал Японияда алтынчы байыркы университетинин бири Осака Прифактуралык Колледжи катары, ошондой эле Япониянын Жети Улуттук Университеттеринин бири болуп саналат. Осака Университетинде дүйнөгө белгилүү илимпоздор, мисалы, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Хидеки Йукава иштеген.
Дүйнөлүк ЖОЖдордун арасында 2016-жылы жогорку окуу жайларынын бул университет Японияда 4-мыкты орунду (Дүйнө жүзү боюнча 96-орунду) ээлейт.
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Университет Эдо доорундагы Кайтокудо жана Текидзюку мектептеринин негизинде түзүлгөн деп айтылат. Кайтокудо мектеби 1724-жылы ачылган.
Кампустары[оңдоо | булагын оңдоо]
Түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]
Азыркы күндө, университеттин 11 факультетинде 12000ге жакын студенттер менен 8000дей аспиранттар жана докторанттар окуп, илимий изилдөө менен алектенишет.
Факультеттердин тизмеси:
- Адабият факультети (文学部) Archived 2008-03-15 at the Wayback Machine
- Гуманитардык илимдер факультети (人間科学部) Archived 2008-03-07 at the Wayback Machine
- Чет тилдер факультети (外国語学部) Archived 2009-09-26 at the Wayback Machine
- Юридикалык факультети (法学部)
- Экономика факультети (経済学部) Archived 2008-03-07 at the Wayback Machine
- Табигый илимдер факультети (理学部)
- Медицина факультети (医学部) Archived 2008-03-15 at the Wayback Machine
- Стоматологиялык факультети (歯学部) Archived 2008-03-23 at the Wayback Machine
- Фармацевтикалык факультети (薬学部) Archived 2008-03-07 at the Wayback Machine
- Инженердик факультети (工学部)
- Инженердик илимдер факультети (基礎工学部) Archived 2008-03-09 at the Wayback Machine
Университеттин карамагында 6 илимий-изилдөө институту, 2 оорукана жана 4 китепкана иштейт.
Университеттин чыгаан инсандары[оңдоо | булагын оңдоо]
- Хидеки Юкава - Нобель сыйлыгынын лауреаты
- Осаму Тэдзука - белгилүү жапон мангакасы жана аниматору
- Акио Морита - Sony корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири
- Осаму Хаяиси - медициналык Вульф премиясынын лауреаты
- Хейзо Такенака - экономист жана Коидзуминин министирлер кабинетинин мүчөсү
Эл аралык аракети[оңдоо | булагын оңдоо]
Университет Сан-Франциско (АКШ), Гронинген (Нидерланддар) жана Бангкок(Тайланд) шаарларында өз филиалдарын ачкан.