Осей уулу Сыланбай

Википедия дан

Осей уулу Сыланбай — жыгаччы. 1901-ж. Базар-Коргон районундагы Көк-Алма айылында төрөлгөн.

Колхоз кыймылына жандуу катышкан жана ал жаш кезинен жыгаччылыкты кесип тутат. Арстанбабтык уста Өмүрзактын шекити. Өзгөчө өнөрдүн кырмачылыгына назар таштайт. Ал «Сыланбайдын кырма идиштери» деген атта тараган. Уста көбүнчө жаңгак жыгачтарын иштетет. Өнөктүк учурунда токойго кол дүкөнүн артына барып, баса жатып узанат. Табак (чара табак, тайпак табак, депкир, табак), кесе (аяк), чөмүч (сузгу), кашык, чөйчөк, күү-күү (каймак бышкыч), челек (май челек, бал челек, каймак челек) өңдүү кырма идиштерди кармайт. Бүткөн буюмду өзүнүн кырындысы менен сыйдалаган. Анан аны сорпого «ичирип» алган. Аны көлөкөгө бир аз коюп, майсинди болгондон кийин урунууга жараган. Идиш бозомук өңүн өзгөртүп, кызгылттанып, барабара карайып кеткен да, ичиндеги тамак-ашын даамын мыкты сактаган. Сыланбайдын кырмалары кооз көрүнүп, азыр да Кара-Алма, Могол, Көк-Алма, Ачы, Чарбак, Арстанбаб, Кызыл-Үңкүр, Ак-Булак, Кызыл-Ой, Акман өңдүү айылдарда арбын учурайт. Айрым идиштери элдик көркөм кол өнөрчүлүк экспедицияларында сүрөткө тартылып алынган. Сыланбайдын Жунусалиев Карыбек, Борончиев Камал өңдүү шекиттери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0