Оскар 2014

Википедия дан
86-чы «Оскар» сыйлыгын сыйлоо аземи
Негизги маалымат
Датасы

2-март 2014 жылда

Өткөрүү орду

«Долби» театры, Голливуд,
Лос-Анжелес, Калифорния, АКШ

Продюсерлери

Крейг
Нил Мерон

Режиссёру

Хэмиш Хэмилтон

Түз эфир
Телеканалы

ABC

Узактыгы

3 саат 35 мүнөт

oscar.com
← 2013
2015 →


86-чы «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи - 2-март күнү АКШнын Лос-Анжелес шаарында жылдыздар бир жыл бою эңсеп күткөн 86-»Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Жыйынтык көптөрдү кубанты.

Күтүлгөн жана күтүлбөгөн жыйынтык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Оскар-2014» сыйлыгынын жыйынтыгы коомчулукту көп деле таң калтырган жок. Айымдар кечеге сулууланып барганды жактырат эмеспи. Мындай дүйнөлүк масштабдагы аземге Голливуд жылдыздары салтка айлангандай белгилүү дизайнерлердин колунан жасалган кымбат баалуу жасалгалары, кооз көйнөктөрү менен мактанып кетүүнү унутушкан жок. Жылдыздардын кийимдеринин мыктысын аныктоо үчүн Твиттерде добуш жүргүзүлүп, алдыңкы үчилтикке Кейт Хадсон, Люпита Нионго, Женнифер Лоуренс чыгышты. Бул аземде Мексикада төрөлгөн кара терилүү актриса Люпита Нионго «Голливуддун супер жылдызы» болду деп айтышууда. Ал сыйлыкты колго алганына кубана: «Менин колумда «Оскар» турганына ишене албай жатам. Мүмкүн эмес нерсенин жок экенине көзүм жетти», - деп билдирген. Ал эми көпчүлүк жан үрөп колдоп, күтүп жаткан ийгилик Леонардо Ди Каприого буюрбай калды. «Мыкты актёр» наамын «Оскарга» биринчи ирет көрсөтүлүп жатса да, Мэттью Макконехи илип кетти. Актёрдун роль үчүн 17 килограммга арыктаганы бекер болбой, тарыхка калчу ийгиликке жеткени кубандырат.

Нааразылы болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Леонун сыйлыкка татыбай калганы өзүнчө кеп кылууга татыйт. Сыйлык тапшыруу аземи аяктаган соң, миңдеген Твиттер колдонуучулары Леонардо жеңбей калганына нааразычылыктарын билдиришкен. Жадакалса, өздөрүнүн социалдык жеке баракчаларында «Лео «Оскарсыз» эмес, «Оскар» Леосуз калды» деген ойлорун жазышкан. Анан да аземге чейин бир нече ай мурун актёрдун күйөрмандары кинематография искусствосу жана илим академиясынын мүчөлөрүнө кумирине сыйлык берип коюу өтүнүчү менен кайрылып, кат жолдошкон эле. «Сиздерден өтүнөбүз. Леонардонун тагдыры белгилүү режиссёр Мартин Скорсезеникиндей болуп калбасын. «Оскар» карьеранын аягында берилген сыйлык болушун каалабайбыз. Сыйлыкты ал татыктуу болуп турган азыркы кезде берсеңиздер. Сураныч, Леонардо Ди Каприого «Уолл-Стриттеги бөрү» тасмасы үчүн статуэтканы ыйгарыңыздар». Бирок, канчалык эл актёрду жактырып, колдогону менен ийгилик кушу ага 4-ирет да буюрган жок.

Номинация жана жеңүүчүлөр тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Мыкты тасма» – «Кулчулуктагы 12 жыл» (реж. Стив Маккуин).
  • «Мыкты режиссёр» – Альфонсо Куарон («Гравитация»).
  • «Мыкты актёр» – Мэттью Макконехи («Далластагы сатып алуучулар клубу»).
  • «Мыкты актриса» – Кейт Бланшетт («Жасмин»).
  • «Экинчи пландагы мыкты актриса» – Люпита Нионго («Кулчулуктагы 12 жыл»).
  • «Экинчи пландагы мыкты актёр» – Жаред Лето («Далластагы сатып алуучулар клубу»).
  • «Мыкты анимациялык толукметраждуу фильм» – «Муздак жүрөк».
  • «Мыкты чет өлкөлүк тасма» – «Даңазалуу сулуулук» (Италия).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Калып:Оскар киносыйлыгы