Осло Университети

Осло университети (норв. Universitetet i Oslo) - 1939-жылга чейин Фредерик атындагы Падышалык университети деп аталган (Норв: Det Kongelige Frederiks Universitet). Ал Норвегиянын борбору Ослодогу эң байыркы окуу жайлардын бири болуп саналат. 2016-жылдын 1-январына чейин өлчөмү боюнча Норвегиядагы эң ири окуу жай болуп саналып келген. Ал азыркы учурда Норвегиянын Илим жана технология университети болуп саналат. Дүйнөлүк ЖОЖдордун Академиялык даражасы боюнча ал 58-дүйнөдөгү мыкты окуу жайлардын бири жана түндүк өлкөлөрлөр боюнча 3-орунду алган. 2015-жылы Times Higher Education World University Rankings аны дүйнөдөгү 135 мыкты окуу жайлардын тизмегине киргизип, ал эми Түндүк Европадагы университеттердин арасынан 7-орунунга ээ болгон. 2016-жылы Европалык ЖОЖдордун эң жогорку 200 тизмегине кирип, жана ошондой эле Times Higher Education боюнча 63-орунунда туруп, аны Норвегиядагы эң кадыр-барктуу окуу жайлардын бири катары санашкан.
Копенгаген жана Берлин университеттеринен кийин,1811-жылы түзүлгөн. Башында ал Даниянын Фредерик VI падышасынын атынан ачылган, анан 1939-жылы азыркы атына өзгөргөн. 1946-жылга чейин жалгыз эле окуу жай болуп саналып, "Фредерик падышасы" деп аталчу, ал эми азыр университет расмий түрүндө Universitetet ( "университет") деп эле аталат.
1947-1989-жылардын ичинде Нобель сыйлыгын ыйгаруулары университеттин Атриумунда өтүп, аны дүйнө жүзү боюнча Нобель сыйлыгы өтүүчү жалгыз университет болуп саналган. 2003-жылдан тартып, Abel Prize сыйлыгы университеттин Атриумунда ыйгарыла баштаган. Университеттин беш изилдөөчүсү Нобель сыйлыгынын лауреаттары.