Осмоналиева Сылый

Википедия дан

Осмоналиева Сылый — шырдакчы жана чырмакчы. 1920-ж. Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Биргелешкен чарбанын өнөктүктөрүндө, бала бакчада эмгектенген. Ал узчулук таалимди энеси Уска менен атасы Байылды уулу Алакундан (жыгаччы, өтүкчү) алган. Сылый 100 баш ак өргөө көтөргөн. Анын жабык башындагы, кылдыроочундагы кийиз оюмдары, канат чийиндеги, таар жасалгаларындагы көркөм көчөттөрүндө өзүнчө үлгүлүк таалим билинет. Уз уулу Мекенбектин үлгүлөрүндөгү «кыйыл оюмун» негиз тутат. Буюмдарында түшүрүлгөн ал кооздуктарда ачык түс, даана төптүк-тактык бар. Чебер ушундай жолду аркалап, салттуулукта ак өргөө үчүн коломто шырдак, коломто ала кийиз жасап, ага түр оюмдарын пайдаланган. Ал эми боочулары менен тегиричине чалган терме көркөм көчөттөрү башкалардан анча айырмаланбайт. Уз чырмак буюмдары: канат чийине, эшик чийине «кыял», «жарым кыял», «мүйүз», «сыңар мүйүз» өңдүү сарысаптаган көркөм көчөттөрүнө кагаз үлгү колдонот. Алар шырдак оюмдары катары сындырылбай түшүрүлөт. Чыгдан (апкана) чийин стилдештирип берүүсү уулу Мекенбектин түзгөн үлгүлөрүнүн таасири болуп саналат.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1989-ж. Орто Азия өлкөлөрүнүн республика аралык жасалга-колдонмо өнөрүнүн көргөзмөсү. Көркөм буюмдары үчүн Ардак грамота.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0