Осмоналиев Абдукар

Википедия дан

Осмоналиев Абдукар 1922-жылы 15-октябрда Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

  • 1943-жылы март айында Улуу Ата Мекендик согушка кетип, 1945-жылкы Улуу Жеңиш күнүнө чейин, 1100-артилериялык полкто, 152 м. м. гаубицанын командири болуп кызмат өтөгөн.
  • Көрсөткөн эрдиктери үчүн орден ме-далдар менен сыйланган.
  • Согуштан келгенден кийин, 1946-1963-жылдары “Ленин Жолу” колхозунда колхозчу, 1963-жылдан өмүрүнүн аягына чейин “Дружба” совхозунда жумушчу болуп эмгектенип 1992-жылы 20-декабрда дүйнөдөн кайткан.
  • Курбанов Мамажан 1922-жылы ошол кездеги Жалал-Абад облусундагы Октябрь районунун, Октябрь кыштагында туулган.
  • 1941-жылы улуу Согуш башталганда, өз каалоосу менен биринчилерден болуп согушка кеткен.
  • Бир нече жолу жаракат алган.
  • Көрсөткөн эрдиктери үчүн, орден жана бир канча медалдар менен сыйланган.
  • 1946-жылы армиядан келип, колхоздун тегирменинде иштеп калат да, 1951 -жылы Ленин Жол колхозунда талаачылык боюнча бригадир болуп которулат.
  • Согуштан кийинки оор мезгилде, өлкөнү өнүктүрүүдө, башкалардай эле өзүнүн зор эмгегин жумшаган.
  • 1952-жылы КПССтин катарына кабыл алынып, мурдагыдан да жигердүү эмгектенип, көп жолу баалуу сыйлыктарга ээ болот.
  • Кыштакты өнүктүрүүдө кылган чоң эмгеги үчүн, айылдаштары 2006 жылы, айылдагы бир көчөгө Курбанов Мамажандын ысмын ыйгарышкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3