Мазмунга өтүү

Осмоналиев Мекенбек

Википедия — ачык энциклопедия

Осмоналиев Мекенбек Жыгаччы жана зергер. 1958-ж. Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында төрөлгөн.

Бишкек шаарындагы № 19 көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайынын жыгаччылык бөлүмүн бүткөн. 1991-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Мекенбектин бешик, жүк такта жана кырма идиштери, зер жасалгалары кезегинде көргөзмөлөргө коюлуп, сыйлыктарга татыган. Энеси Сылый экөөлөп жүз баш ак өргөө көтөрүүдө, анын ички-сырткы салттуу буюмдарын кармоого чыгармачылыкта түгөлү менен кол тийгизген. Анын даана чеберчилиги боз үйдүн жыгачын кармоодо зер жасалгаларына узанууда байкалат. Түндүктү теректен, талдан тандайт. Уук-керегелик жыгачка балаты кыйып, суу чагында анын кабыгын аарчып, сары суусун, чайырын кетирүүдө эт бышымча кайнатып, теске коёт. «Кыргыз белектери» аттуу буюму үчүн «Кыял» Бирикмесинин II даражадагы диплому; 1984 ж. Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата «Эл чеберлеринин көркөм буюмцарынын кароо-сынагы». Зер үлгүлөрү үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1989-ж. «Орто Азия республика аралык жасалга-колдонмо өнөрүнүн көргөзмөсү». Зер буюмдары үчүн Ардак грамота; 1985 ж. Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгына карата «Өз алдынча сүрөтчүлөрдүн чыгармаларынын Бүткүл союздук көргөзмөсү». Зер нускалары үчүн Ардак диплом; 1991-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун көргөзмөсү». Зер буюмдары менен катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0