Осмонбетов, Кубат

Википедия дан
Кубат Осмонбетов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Кубат Осмонбетов
Туулган жылы: 3-Март 1935-жыл
Туулган жери: Куртка айылы, Ак-Талаа району, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: инженер-геолог

Осмонбетов Кубат (3.3.1935-ж. т., Ак-Талаа району, Куртка айылы) — инженер-геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыгынын эки жолу лауреаты (1980, 1995), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген геологу (1985).
1958-ж. Фрунзе политехникалык институтун бүткөн.
1958—66-ж. Кыргызстан геология башкармасында улук коллектор, геолог, отряд начальниги, улук геолог, партиянын начальниги.
1967—71-ж. Геология-чалгындоо иштери кызматкерлеринин республикалык профсоюз комитетинин катчысы, төрагасы, 1971—87-ж. Кыргызстан геология башкармасынын башкы геологу, 1987—96-ж. мамлекеттик геология комитетинин геология-экономика изилдөөлөр экспедициясынын башкы геологу, начальниги, ошол эле учурда Кыргыз тоо-кен металлургия институтунда кафедра башчысы, 1996-жылдан Кыргыз тоо-кен металлургия институтунун ректору.
Осмонбетов — геология, металлогения, пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо боюнча ири адис. Ал өз изилдөөлөрү менен Кыргызстандагы ондогон кендердин ачылышына жана өздөштүрулүшүнө көмөк берген. 250дөй илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору. Алардын бир тобу Нарын облусунун геологиялык түзүлүшүнө жана кен байлыктарына арналган. Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын академиги (1993). "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар, "Кенди биринчи изилдегич", "СССРдин кен байлыкты чалгындоонун отличниги" төш белгилери менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубат ОСМОНБЕТОВ, геология илимдеринин доктору: "Канча алтын сыртка кетип атканы тууралуу юридикалык документ жок" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
“Талант тагдыры”: академик, уста, комузчу Кубат Осмонбетов(жеткиликсиз шилтеме)