Осмонкулов Сагыналы
Осмонкулов Сагыналы Зергер. 1928-ж. Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн.
Пишпек темир жол окуу жайын, Ташкент индустриялык техникумун, Москва политехника институтунун 3курсун бүтүргөн. ФТУда чебер болуп иштеген. Азыр Тоң районундагы Кажы-Сай электртехникалык заводдо устачылык кылат. «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалынын ээси. Анын кыз-келиндерге арналган асыл нускалары, ат жабдыктары, эр кемери, бешик, Манастын жоо жарактары өңдүү үлгүлөрү мамлекеттик жана тарых-крайлык музейлерге экспонатталган. Зергердин устакерчилиги он беш жашынан башталганы менен 1972-жылдардан бери кандайдыр көөрү төгүлгөндөй сезилет. Ал «кургак уста». Анткени, көмүр өчүрбөйт, көрүк үйлөтпөйт, зер буюмдарын кармоодо электр кубатын пайдаланат. Сагынаалы ат жабдыктарынын шөкөттөрүнө узанат. Ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө чабылуучу андай кооздуктардын бир нече түспөлүнүн өзүнчө түркүмүн түзгөн. Чебердин андай түрдүү «ооздуктары», «чагармактары», «тогоолору», «купалары», «кошундулары», «солоңдорлору», «жүрөкчөлөрү» ж. б. шөкөттөрү зергерчиликтин наркы жерде тапталбоочу изин сездирет. Зергер жаңы шөкөттөрдү жаратууда кагаз үлгүлөрүн пайдаланат. Шөкөттөрү бирдей, төптүгү менен топчулардын пропорциялуулугу шайкеш келип, ич ара бири бирине айкалышып, тактыкты сактап турат. Ал ат жабдыктарына таандык он эки түр көркөм зер шөкөт кармаган. Алар бири бирине жалпысынан үндөшөт да «Сагыналынын жекече нускалары» болуп саналат. Зергердин «беш көкүл кыздар үчүн», «аялдар үчүн», «улуттук оюндар (ат чабыш, жорго салыш) үчүн», «саяпкерлер жана мүнүшкөрлөр үчүн», «эркектер үчүн», «тестиер балдар үчүн» өңдүү атайын арналып жасалган шөкөттөрүн бөлүп кароого болот. Зергер көркөм оюмдарга караганда көчөттү көбүрөөк түшүрөт. Жердигине күмүштү алмаштыра ала турган нейзильбер, датчалбас, мельхиор өңдүүлөрдү алат. Зергердин буюмдарында өзүнчө стили, чеберчилик изи даана көрүнүп турат. Ал «желбирөөчтү» асем жасалгаларынын башкы нускасы катары карайт. Сагыналы асем жасалгалары үчүн «тогуз төбөлөө» (жалтырак зат чөгөрүү), «эшүү», «чапкылоо», «тордоо» өңдүү ыкмаларды пайдаланат. Уста сөөктү, мүйүздү зер менен айкалыштырат, мүйүз буюмдарында да салттуулугу көрүнөт. Анын нускаларынын колдонмолук эмес, жасалгалык, белек-бечкектик мааниси бар. Сүрөтү түстүү баттамада.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1976-ж. «Уста жана уздардын республикалык кароо-сынагы». Зер шөкөттөрү үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы; 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Зер буюмдары жана ат жабдыктарынын шөкөттөрү үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин II даражадагы диплому; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Ат жабдыктарынын шөкөттөрү жана зер буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин I даражадагы диплому, «Элдик чеберлердин республикалык кароо сынагынын лауреаты» деген наам; 1989-ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзун уюштуруу курултайына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Зер нускалары үчүн ЭЧЖРКнүн III даражадагы диплому, медалы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0