Осмонов Абдырай

Википедия дан

Осмонов Абдырай (3. 11. 1937, азыркы Чүй облусу, Сокулук району, Саз кыштагы – 11. 8. 2012, Бишкек) – география илиминин кандидаты (1975), профессор (2002). КМУнун география факультетин бүтүргөн (1961). 1961–64-ж. Кыргыз ИАнын Тянь-Шань бийик тоолуу физикалык-география станциясында кенже илимий кызматкер, 1967–87-ж. КМУда география факультетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, 1987–98-ж. факультеттин деканы, 1998-жылдан 2005-ж. чейин кафедра башчысы болуп эмгектенген. Ал 2003–2011-ж. Кыргыз география коомунун президенти болгон. Физикалык-география илиминин тармактары – гидрология, гляциология, ошондой эле экология боюнча 90дон ашык илимий жана методикалык эмгектердин автору. Негизги эмгектери: «Агын суулардын гидрологиясы» (1995); «Особенности современного оледенения и динамика ледников Кыргызского Ала-Тоо» (авторлош, 1995); «Кыргыз Республикасынын географиясы» (авторлош, 1998); «Геоэкологиянын негиздери» (1999, 2012), «Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы» (авторлош, 2012), «Экологиялык сөздүк» (авторлош, 2012) ж. б. Ал 2000-ж. «Кыргыз Республикасынын географиясы» окуу китеби үчүн (авторлош) мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]