Осмонов, Асанкул

Википедия дан
Осмонов Асанкул‎»‎ барагынан багытталды)
Асанкул Осмонов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асанкул Осмонов
Туулган жылы: 1-март 1935-жыл
Туулган жери: Миң-Булак айылы, Нарын району, Нарын облусу,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: артист
Наамдары:

КРнын эл артисти

Осмонов Асанкул — (1-март, 1935-ж., Нарын району, Миң-Булак айылында туулган - 26.03.2023) — Кыргыз Республикасынын эл артисти (1990).

Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн соң, 1954-жылдары Нарын районундагы Куйбышев колхозунда заводдо бухгалтер болуп иштеген. Кийин Киев шаарындагы авиация техникумун аяктап, МИГ—15—17—19 аттуу реактивдүү учактардын 4-разряддагы механиги катары армияда кызмат өтөгөн.[1] 1958-ж. Москва шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Жалпы маданият күнү декадасына катышкан. Ошол жылдан баштап театрда иштеп баштаган. 1958-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштейт. 1990-ж. август айында Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Осмонов Асанкулдун келишимдүү сырткы келбети, жагымдуу үнү, талыкпаган энергиясы жана сезимдүүлүгү ар тараптуу образдарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Өз каармандарынын ички дүйнөсүнө кирип көркөмдүк жактан чегине жеткире аткара алат. [[File:Osmonov asankul.jpg|upright|left|thumb|Осмонов Асанкул "Манастын уулу Семетей" спектаклинде].]

Аткарган негизги ролдору: Чокон Валиханов (А. Токомбаев, "Өлбөстүн үрөнү"), Омор, Самат, Мурат, Иван (Уванке), Шамен (Т. Абдумомунов, "Абийир кечирбейт", "Жыгылган оогонго күлөт", "Жарыктык карыларым", "Ашырбай", "Малика"), Дүйшөн, Кашкатаев (Ч. Айтматов, "Биринчи мугалим", "Жаныбарым Гүлсарым"), Игорь, Кошой, Ысмайыл, Бакай, Семетей (Ж. Садыков, "Жукеев-Пудовкин", "Айкөл Манас", "Манастын уулу Семетей", "Сейтек"), Сүйүнбай, Калык (К. Маликов, "Осмонкул"), Дайыр Мусаевич (М. Байжиев, "Ар бир үйдө майрам"), Рыскул (М. Карим, "Ай тутулган түндө"), Шах (К. Мамбетакунов, "Омор Хаямдын махабаты"), Кудаярхан (Ж. Мамытов, "Курманжан датка"), Шырдакбек (Ш. Садыбакасов, "Ак боз ат"), Ниязалы (Т. Касымбеков, "Токтогул"), Орунтай (С. Ахмед, "Келиндер козголоңу", Король Эдуард, Король Франц, Людовик (У. Шекспир, "Ричард-III", "Король Лир", "Отелло"), Манилов (Н. В. Гоголь, "Өлүү жандар"), Альберито (Лопе де Вега, жана башка "Процесс". "Биринчи", "Чөлдөгү аттуу", "Нөшөр алдында", "Жалгыз дарак", "Эски жомок" жана башка көркөм жана телефильмдерге да тартылган. Андан башка "Бөбөк сенин жомогуң", "Ушундайлар да болот" жана башка телеберүүлөргө катышкан. Медалдар менен сыйланган.

Осмонов Асанкул "Тайфул" фильминде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Нарын облусунун энциклопедиясы Б, 2009.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]