Осмонов Малик

Википедия дан

Осмонов Малик — мүйүз уста. 1957-ж. Бишкек шаарында төрөлгөн.

Бишкектеги №19 кесипчилик-техникалык, сүрөтчүлөр окуу жайынын жасалгалоо бөлүмүн бүтүргөн. 1977-90-жылдары «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде чебер-сүрөтчү болуп иштеген. Азыр монументтик скулштура Бирикмесинин директору. Малик мүйүз, сөөк буюмдарын жаңы шартка байланыштырып кармоонун бөтөнчөлүктөрүн туйган чебер. Анын даяр буюм белек-бечкектери ларек, дүкөндөргө түшүп, жайма базарларга чыгып, чет өлкөлөргө дейре экспонатталууда. Анын чеберчилигиндеги мүйүз буюмдарына кыз седептери кирет. Ал эми айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн көзгө көрүнгөн жана башка сөлөкөттөрдүн фазасын кармоо бүгүн белек бечкектик эле мааниге ээ болууда. Аларга: сөйкө желбирөөч, төөнөгүч, тарак, чолпу, билерик, шакек, оймок өңдүүлөр кирет. Булардын бардыгы биригип бир бүтүмдү түзүп, кыз келиндердин мүйүз жасалгасы деп аталат. Мындан сырткары чебер ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө да мүйүз менен сөөктүн түрлөрүн талаптагыдай ширете алат. Чебердин кармаган буюм-белектеринде өзүнчө чыгармачылык изденүү, үлгүнүн бүгүнкү күзгө ылайык түспөлүн таба билүү бөтөнчөлүктөрү сезилет. Мында өнөрдү кармоодо барынан мурда элдик салттуулукту сактоо касиети бар. Ал буюмдун мүйүзүн тандап, ар бир мүйүздүн кандай буюмга ылайыкташкан ыңгайын баамдагандан кийин, аны электр араасы менен кесип мүйүздү сүрүүчү дүкөнүнө түшүрөт. Андан кийин буюмга өзүнчө калып-аспабы менен оюм-чийим ыроолойт. Анан тегерек кийизге бышкан кирпичти чыла кылып, буюмду ага сүрүп жалтыратат. Мүйүзчүнүн мындай көркөм буюмдары Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин көркөм советинен ийгиликтүү өтүп, өнөр жайлык негизде көп нускада чыгарылууда.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1986 ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Мүйүз жана сөөк буюмдары үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин I даражадагы диплому; 1989-ж. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин 20 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Мүйүз жана сөөк буюмдары үчүн «Кыял» Бирикмесинин I даражадагы диплому.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0