Осмонов Сайырбек

Википедия дан

Осмонов Сайырбек (1940, Суусамыр кыштагы -1980, ошол эле жер) - жетекчи кызматкер. Пржевальск шаарындагы кооперация орто окуу жайын (1962), Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн (1971).

  • 1957 -1971-жылдары соода тармагында, Суусамыр МЖСинде эсепчи (учётчик),
  • 1971- 75-жылдары Тогуз-Торо районундагы МЖСте башкы экономист,
  • 1975-77-ж. Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы, Суусамыр МЖСинде директордун чарбачылык боюнча орун басары (1977-80-ж.) болуп эмгектенген.
  • Жаманбай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9