Осмонов Өскөн Жусупбекович

Википедия дан

Осмонов Өскөн Жусупбекович (1954-жылы т., Чүй облусу, Чүй району, Маданият айылы) – тарых илиминин доктору (1994), профессор (1996).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын академиги (2000).

  • 1971 - ж. Онбир-Жылга орто мектепти аяктаган.
  • 1976 - ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетине кирген жана аны  артыкчылык диплому менен бүтүргөн
  • 1976 - 77-жж. Кыргыз Советтик Энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор
  • 1977 - 85-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун тарых жана философия  кафедрасынын окутуучусу.
  • 1984 - ж. тарых илимдеринин кандидаты болгон.
  • 1985 - 1990 - жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун тарых жана философия  кафедрасынын ага окутуучусу.
  • 1991 - ж. доцент наамын алган.
  • 1990 - 1998-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун тарых жана философия  кафедрасынын политология жана тарых кафедрасынын жетекчиси.
  • 1991 - ж. тарых илимдеринин доктору болгон.
  • 1996 - ж. профессор наамын алган.
  • 1998 - жылдан бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин тарых жана философия кафедрасын жетектейт.
  • 2003 - ж. ч.Айтматов атындагы СГТИИ директору болуп дайындалды.
  • 2001 - 2005-жж. КРнын Улуттук аттестациялык комиссиясынын Тарых жана юридикалык илимдер боюнча эксперттик комиссиясына төрага болгон
  • 2004 - 2005-жж. Кыргыз Республи­касынын өкмөтүнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы (министр укугунда) болуп иштеген.
  • 2006 - 2008-жж. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых адистиги боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңешинин төрагасы.
  • 2006 - ж. Улуттук академиянын Коомдук илимдер бөлүмүнүн бюро мүчөсү болуп шайланган.
  • 2006 - жылдан бери “Кыргызстан” Улуттук энциклопедиясынын редакциялык кеңешинин төрагасы.
  • 2006 - ж Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү
  • 2006 - 2010-жж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү.
  • 2010 - жылдан КРнын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү.
  • 2010 - ж. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеген.
  • 2014 - жылдан бери докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин мүчөсү. 
  • 2009 - жылдан КРнын тарыхчылар ассоциациясынын президенти.
  • 2009 - жылдан бери учурда Кыргыз агрардык университетинин Тарых жана философия кафедрасын жетектейт.
  • 2010 - азыркы учурга чейин КРдин Жогорку Аттестациялык комиссияся тарых илимдери боюнча эксперттик топтун жетекчиси.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

40 тан ашуун илимий монографиялардын жанан окуу китептеринин автору. Кыргызстан тарыхы жана дүйнө тарыхы боюнча жазган 17 окуу китептери бир нече тилде 1 миллиондон ашуун нускада басылып чыгып, окуу жайларында туруктуу окутулууда. 30дан ашуун илимдин кандидаттарын жана докторлорун даярдаган. Окуу китептеринде 200дөн ашуун тарыхый инсандардын өмүрүн жана ишмердиктерин чагылдырган. Тарыхый инсандардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу багытында көп иштерди аткарган. Токмок шаарына Манап бийге орнотулган монументалдуу скульптуралык комплексти куруу идеясын көтөрүп, анын курулушуна демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

Негизги илимий–методикалык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Осмонов  О.Дж. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). Учебник для вузов. 6 издание. – Бишкек, 2016 (русск.) 632 с.  
  2. Осмонов Ө.Ж. Кыргызстан тарыхы (эн байыркы доордон азыркы мезгилге чейин). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. – Бишкек, 2016. 604 – б.  
  3. Осмонов Ө.Ж. Кыргызстан тарыхы (Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин) экзамендик 100 суроого жооп. Экспресс-справочник. –– Толукталып 17-басылышы. - Бишкек, 2017.  404 с.
  4. Осмонов О.Дж. История Кыргызстана (С древнейших времен до наших дней) 100 экзаменационных ответов. 16-ое изданиеЭкспресс-справочник. – Бишкек, 2017.  380 с.
  5. OsmonovO.J.,  TurdalievaCh.J.A History of Kyrgyzstan (From Stone Age to the Present): School and university textbook. – 2nd Edition. – Bishkek, 2016. – 472 p.
  6. Осмонов Ө.Ж. ж.б. “Тарых” Орто мектеп. 5-кл. үчүн сынакка коюлган окуу китеби  - Б., “Билим - компьютер”, 2017, - 196бет.
  7. Осмонов Ө.Ж. ж.б. “Тарых” Орто мектеп. 6-кл. үчүн сынакка коюлган окуу китеби - Б., “Билим - компьютер”, 2017, - 200бет.
  8. Осмонов Ө.Ж. ж.б. “Адам жана коом” Орто мектеп. үчүн сынакка коюлган окуу китеби  - Б., “Билим - компьютер”, 2017, - 144бет.
  9. Осмонов Ө.Ж. ж.б. “Адам жана коом” 6-кл. Орто мектеп. үчүн сынакка коюлган окуу китеби  - Б., “Билим - компьютер”, 2017, - 144бет.
  10. Осмонов Ө.Ж. ж.б. “Адам жана коом” 5-кл. Орто мектеп. үчүн сынакка коюлган окуу китеби  - Б., “Билим - компьютер”, 2017, - 136бет.
  11. Осмонов Ө.Ж. “Орто кылымдар тарыхы” 7 – класс үчүн окуу китеби. Оңдолуп. 2 – басылышы. – Б.; 2016. – 256 бет.
  12. Осмонов Ө.Ж. Кыргызстан:  Энциклопедия 8 – том  – Б., 2016. “Тарых” бөлүмү 216-бет.
  13. Осмонов О.Дж. Кыргызстан: Энциклопедия: 9 – том  – Б., 2016. Раздель “История”. стр.246.
  14. Осмонов Ө.Ж. Кыргызстан тарыхы боюнча окуу программалары, 5 – 11 – кл.: 9-басылышы 2016ж. Көлөмү 3п.л.
  15. Осмонов Ө.Ж. Жалпы билим берүүчү уюмдар (мектеп, гимназия, лицей) үчүн. Кайра редакцияланып, 9 – бас. / жетекчиси Ө.Ж.Осмонов. – Б., 2016. кырг, орус тилдеринде – 102 бет.
  16. Осмонов Ө.Ж. Дүйнө тарыхы боюнча окуу программалары, 5 – 11 – кл.: Жалпы билим берүүчү уюмдар (мектеп, гимназия, лицей) үчүн. Кайра редакцияланып, 9 – бас / жетекчиси Ө.Ж.Осмонов – Б., 2016. кырг. орус тилдеринде – 90 бет.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2005-ж. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги.
  • 2008-ж. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер
  • 2008-ж  Эл аралык Айтматов академиясынын академиги.
  • 2016-ж.  “Тарых медалы” КРдин тарыхчылар ассоциациясы
  • 2016-ж.  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы «Ардактуу кызматкери» медалы
  • 2016-ж. КР. Чүй областынын ардактуу атуулу «Кеменгер» төш белгиси менен сыйланган
  • 2016-ж.  КР. Билим берүү министрлиги “Ардактуу грамота”

 Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]