Осмос басымы
Осмос басымы – эриткич мол-ларынын жарым өткөргүч мембрана аркылуу бир жактуу диффузиясы осмос деп аталат. Осмос кубулушун токтотуучу, сырткы атм. басымга барабар болгон күч О. б. деп аталат. О. б. жарым өткөргүч мембраналар колдонуу менен жакшы байкоого болот. О. б. эритмелер концентрациясына, эриген заттар жаратылышына жана темп-га көз каранды. О. б. теориялык жактан Вант-Гофф изилдеп. Электролит эместер эритмелери үчүн p = CRТ теңдемесин сунуштаган. Мында p - О. б., C – молярдык концентрация, R – газдар универсал туруктуу саны, Т – абс. темп-ра. Электролиттер эритмеси үчүн теңдеме p = iCRТ түрүнө өтөт. Мында i – иондорго диссоциацияланган бөлүкчөлөр санынын көбөйүшүн көрсөтөт. О. б. криоскопиялык метод менен аныктайт. Анда төмөнкү негизги шарттар аткарылышы керек:
1. Өтө суюлтулган эритмелер пайдаланылат, аларда Смолярдык = Смолялдык.
2. Эриткич жана эритменин tт аныкташат, графиктен Dtт = tт.эриткич - tт.эритме.
3. Рауль менен Вант-Гофф закондорун бириктирип О. б. аныкташат: Dtт = К · С, мындан:
Dtт
С =— таап, чоңдукту Вант–Гофф ф-на
К
коёт:
Dtт
p =—— RT
К
О. б. – осмометр менен өлчөнөт жана осмос кубулушун үйрөнүүдө чоң мааниге ээ.
Кудайбергенов Т.Т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6